12:13
USD 86.88
EUR 99.90
RUB 1.09

Бакыт Төрөбаев Ирандын президентинин ант берүү аземине катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкяндин инаугурациясына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан Ирандын Президенти кызматына расмий киришкендигине байланыштуу салам жана куттуктоо сөздөрүн жолдоп, Иран элинин жыргалчылыгы үчүн бул маанилүү жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштын жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргызстан Иран менен достук мамилеге өзгөчө маани берерин, бул эки тараптуу кызматташтыкты көптөгөн тармактарда өнүктүрүүгө бекем негиз түзөрүн билдирди.

Өз кезегинде Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан иран тараптын жүргүзүлүп жаткан саясий диалогду улантууга, ошондой эле кыргыз-иран кызматташтыгын прогрессивдүү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиандын расмий ант берүү аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев дагы кыргыз делегациясынын башчысы катары катышты.

Ант берүү аземине катышуу үчүн Тегеран шаарына бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Тажикстандын президенти, Армениянын премьер-министри, Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын спикерлери, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келген.

Эң көп окулган жаңылыктар