Президент Садыр Жапаров «Административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер мамилелерин жөнгө салуу, ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү, жайыт жерлерин эффективдүү башкаруу жана калктуу конуштардын тазалыгын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенцияларын тактайт.
«Көрсөтүлгөн маселелерди ишке ашыруу максатында сунушталган мыйзам Кыргызстандын Граждандык, Жер, Турак жай жана Бюджеттик кодекстерине, «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карайт»-деп белгиленген мыйзамда.
«Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алып берген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону быйыл күзүндө өткөрүү пландалып жатканын маалымдаган. Азырынча анын так датасы белгилене элек.
Ага ылайык, Бишкектеги депутаттардын саны 45тен 235ке, Ош шаардык кеңешинин депутаттары 117 депутатка көбөйгөн болчу.