22:53
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда көз жумгандан кийин жана ыктыярдуу донор болууга уруксат берилеби?

Кыргызстанда көз жумгандан кийин жана ыктыярдуу донор болууга уруксат берүү каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, учурда орган алмаштыруу керек болгондо мыйзамга ылайык туугандары гана донор боло алат.

«Азыр 2 600 адам гемодиализ алууда, булар бөйрөгү ооругандар. 18,5 миң киши гепатит, боордун циррозу менен жабыркайт. Бизде эң чоң көйгөй — донор табуу. Азыр ЖК депутаттары менен сүйлөшүп, ыктыярдуу жана көз жумгандан кийинки донорлукту көбөйтөлү деп жатабыз. Башка өлкөлөрдө бул ыкма колдонулуп келет. Биз ошону мыйзамга киргизсек муктаждык маселеси чечилет. Мага «тууганчылыгым жок, бирок досум, кошунам донор болууга даяр, уруксат бериңиздер» деп келгендер көп болууда», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ал учурда 150 адам бөйрөк, 15 бейтап боор алмаштыруу үчүн кезекте турганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар