12:57
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте боорун алмаштырууга донор болгон адам ооруканадан чыгат

Боору алмаштырылган биринчи бейтаптын донору бүгүн, 25-июнда ооруканадан чыгат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, боору алмаштырган бейтаптын жакындары донор болушкан. Министрлик учурда бейтаптын абалы туруктуу экендигин белгилешти.

Эске салсак, 10-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жасалган. Операция 8-9 саатка созулуп, ага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жетекчилиги астында кыргыз дарыгерлери жана түрк адистери катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар