23:57
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Сузакта таксистке бычак сайып, унаасын айдап кеткен шектүүлөр кармалды

Сузакта таксистке алты жолу бычак сайып, унаасын уурдап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБдин ыкчам Тергөө тобу Сузак райондук ооруканасына барган учурда, 1998-жылы туулган М. уулу Ж. аттуу жаран денесинен 6 жеринен кесилип сайылган жаракаттары менен келип түшкөндүгү аныкталган.

«Окуя боюнча жабырлануучу, 23-июль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында өзүнө бейтаныш болгон өзбек улутундагы балдар такси катарында жалдашып, «Ош областынын Куршаб айылына ат сатып, алып келебиз» деп айдатып барышып, ал жерден эч кимге жолукпай «ат саткан адам телефонун албай койду» деген шылтоо менен кайра кайтып келишип, эртен башка жерге барып келебиз деп, анын байланыш телефондорун алып, өздөрү Ош областынын Өзгөн шаарында жайгашкан чайханалардын биринин жанында түшүп калышкан. Эртеси 24-июль күнү саат 17:00 чамасында ошол эле эки адам анын менен байланышкан жана аны дагы такси катары жалдашып, Сузак районунун Барпы а/а караштуу Кыр-Жол айылындагы адыр жерге айдатып барышып, ал жерден денесине учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып денесине жаракат келтиришип жаткан учурда, ал аларга каршылык көрсөтүп автоунаадан качып түшкөн учурда, алар анын «Шевролет-Авео» универсал үлгүсүндөгү автоунасын айдашып, окуя болгон жерден качып кетишкендигин билдирген. Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 2024-жылдын 24-июль күнү Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя боюнча жабырлануучу М. уулу Ж. денесиндеги жарааттардын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизасы дайындалган",-деп жазылат маалыматта.

Бул факты 25-июлда Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагыныда шектүү катары коңшу мамлекеттин 1985-жылы туулган А.У. жана 1992-жылы туулган С.З. аттуу жарандары Кызыл-Кыя шаарынан коңшу өлкөгө мыйзамсыз чек араны бузуп качып кирүүгө аракет жасап жаткан жеринен кармалышкан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө коңшу мамлекеттин 1992-жылы туулган С.З. аттуу тугуну мурда соттолуп, учурда издөөдө жүргөндүгү, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз чек араны бузуп киргендиги аныкталган.

Шектүүлөр 25-июль күнү Сузак райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар