20:36
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Николас Мадуро Венесуэланын президенти болуп үчүнчү жолу шайланды

Венесуэлада жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоонун соңку жыйынтыктары жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, Республиканын Улуттук шайлоо кеңешинин башчысы Элвис Аморосо учурда урналардын 80 пайызы ачылгандыгын, ага ылайык Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадуро 51,20 пайыз добуш менен президенттик шайлоодо жеңип чыккандыгын билдирди.

Анын айтымында, президенттик жарышка 10 талапкер катышкан. Ошентип Николас Мадуро үчүнчү мөөнөткө Венесуэланын президенти болуп кайра шайланды. Оппозициялык Бириккен демократиялык платформа (ПУД) коалициясынын талапкери Эдмундо Гонсалес 44,20 пайыз менен экинчи орунда.

Улуттук шайлоо кеңешинин башчысы талапкерлердин жыйынтыктары тууралуу маалымат жакынкы сааттарда департаменттин сайтында таблицаларда жарыяланарын билдирди.

Венесуэлада президенттик шайлоого катышуу 59 пайызды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар