Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов Париж Олимпиадасында алтын медаль үчүн канча киреше табаары белгилүү болду. Бул тууралуу Казакстандын ЖМК жазып чыгышты.
Мыйзамга ылайык, казакстандык Олимпиада чемпиону 250 миң доллар алууга укуктуу. Мындан тышкары күмүш медалдын ээлери 150 миң доллар, коло медалдын ээлери 75 миң долларга ээ болушат.
Ошондой эле 4, 5 жана 6-орундарга 30, 10 жана 5 миң доллар өлчөмүндө бонустар каралган.
Эске сала кетсек, Елдос Сметов 60 килограммга чейинки салмак ченинде финалда Франциянын өкүлү Лука Мхеидзени жеңип, 2024-жылкы Олимпиаданын чемпиону болгон. Бул алтын медаль Казакстан үчүн Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча тарыхта биринчи болуп саналат.
31 жаштагы спортчу Олимпиада медалдарынын толук топтомун чогултту. Ал 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн оюндарда күмүш, 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон.