10:39
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров элчиликтердин батир жана кеңселери боюнча түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине батирлер жана кеңселер берилиши боюнча комментарий берди.

Мамлекет башчынын айтымында, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жашаган ижарага алынган кеңселер жана батирлер бюджетке оорчулук жаратат.

«Мисалы, Нью-Йоркто биздин БУУда өкүлчүлүгүбүз бар. Ал жактагы өкүлүбүз 30 жылдан бери батирди ижарага алып, ал үчүн айына 5 миң доллар төлөйбүз. 30 жылдын ичинде канча акча коротулганын элестетиңиз. Бир өкүл төрт батирдин наркына барабар сумманы короткон. Эгерде биз дароо сатып алган болсок, 10 жылда өзүн актап, түбөлүк мамлекеттин менчиги болуп калмак», — дейт Садыр Жапаров.

Ал белгилегендей, буга чейинки министрлер бул тууралуу ойлонушу керек болчу.

«Биз азыр кеч эмес деп эсептейбиз жана чет өлкөдөгү бардык элчилерибизге, консулдарыбызга жана кызматкерлерибизге батир сатып алып жатабыз. 30 мамлекетте элчиликтерибиз, 11 өлкөдө консулдуктарыбыз жана БУУда өкүлчүлүгүбүз бар. Ар бир элчиликте кеминде 6-7ден кызматкер бар. Алардын ар бири батирди ижарага алып, ага мамлекеттик бюджеттен төлөнөт. Ошондуктан батирлерди, кеңселерди бир жолу сатып алсак, алар түбөлүк мамлекеттин менчиги болуп калат», — деп кошумчалады президент.

Садыр Жапаров үч гана өлкөнүн чет өлкөлөрдө өз өкүлчүлүгү бар экенин баса белгиледи. Алардын бири Берлинде. Апас Жумагуловдун демилгеси менен сатылып алынган. Экинчиси Брюсселде Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен алынган. Үчүнчүсү Москвада.

«Башка өлкөлөрдө биз батирлерди ижарага алабыз. Эки жыл мурун мен министрликке бардык өкүлчүлүктөр үчүн батирлерди, кеңселерди сатып алуу боюнча тапшырма бергем. Азыр иш уланууда. Кеңселерди жана батирлерди сатып алуудабыз», — деп жыйынтыктады мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Парижде иш сапары менен болгон учурда Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин жаңы имаратында болду. Ал жерден КР Тышкы иштер министрлиги буга чейин Венгриядан имарат сатып алганын жана Швейцариядан, Австриядан жана Новосибирсктен (Россия Федерациясы) кыймылсыз мүлк сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары Нью-Йоркто (АКШ) жана Берлинде (Германия) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери үчүн кызматтык батирлер сатылып алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар