15:32
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Акылбек Жапаров Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбордук Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аянтка заманбап фонтан комплекстери орнотулат, ошондой эле 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле минкаб төрагасы Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айында бүтүрүү пландалууда.

Акылбек Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү, айлананы жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында борбор калаада иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери дагы талкууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар