Бишкекте балдардын мыйзамсыз эки диний лагеринин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, лагерлер КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында каттоодон өтпөстөн иштеп келгени аныкталган. Алар 6 жаштан 17 жашка чейинки 110 улан жана кыздарды тарбиялап жатышкан.
Көмүскө лагерлердин уюштуруучусу 1992-жылы туулган Кыргызстандын жараны А.А.А.
Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана билим берүү программаларын сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталган. Азыр балдардын көмүскө диний лагеринин ишмердүүлүгү токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ата-энелерге эскертет: балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде балдардын диний лагерлерине жөнөтүүдөн мурда алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барышын текшериңиз.