13:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Сот экс-билим берүү министрине 1,5 миллион сом айып салды

Сот экс-билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге 1,5 миллион сом айып салды. Бул тууралуу 24.kg агентигине Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Мурдагы чиновник КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Айып пулдан тышкары үч жылга мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды.

Алмазбек Бейшеналиев шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган, бирок алар райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырышкан.

Эске сала кетсек, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында 110 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго киргизүү үчүн акча талап кылган. Келтирилген зыяндын орду толтурулгандан кийин мурдагы аткаминер камактан бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар