Кыргызстандагы телеканалдардын биринин журналисти жана оператору пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Мекеме ЖМК кызматкерлери акча талап кылуунун туруктуу схемасын түзүшкөнүн белгилейт.
«ЖМК өкүлдөрү патрулдук кызмат бөлүмү менен биргеликте рейддерге катышып, анда жол эрежесин бузуу фактылары катталган. Айрым журналисттер рейд учурунда тартылган видеоматериалдар менен айдоочуну шантаж кылышкан», — деп айтылат маалыматта.
Алар өздөрүнүн аракеттерине мыйзамдуулук көрсөтүү үчүн айдоочуну вексель жазууга мажбурлашып, унааны күрөөгө алышкан.
9-июлда журналист менен оператор 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындай фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча зарыл чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн мыйзамдарын бузууга, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн пайдалануу менен мыйзамсыз опузалоо схемаларын түзүүгө жол берилбестигин эске салат. Эгерде аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт, анын ичинде кылмыш иштери да жүргүзүлүп, мындай фактылардан жабыркаган жарандар 0312620585 номуруна кайрылууга чакырабыз.