23:22
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бүгүн Кыргызстандын жаштар курамасы Тажикстан менен беттешет

Бүгүн, 9-июль күнү Борбор Азия футбол ассоциациясынын 20 жашка чейинки курама командалары арасындагы чемпионатынын тайпалык үчүнчү турунун алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы Тажикстанга каршы кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдирди.

Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өтүүдө.

Мелдештин чүчүгулагынын жыйынтыгында улуттук курама команда «А» тайпасында Тажикстан жана Ооганстан командалары менен бирге жайгашкан. Тайпа ичиндеги, экинчи оюн күнүнүн жыйынтыганда Мирлан Эшенов жетектеген Кыргызстандын жаштар курамасы үч упай менен турнирдик жадыбалдын биринчи орунунда турат, Тажикстан 2-орунда (3 упай), Ооганстан 3-орунда (0 упай).

Тайпа ичинде 3-саптан чыккан командалар 5-6 орундар үчүн оюнда кез келсе, 2-саптагы командалар 3-4-орун үчүн ойношуп, тайпа жеңүүчүлөрү чемпиондук наам үчүн кез келишет.

Белгилей кетсек, турнирдин беттештеринин түз алып берүүлөрү Регион ТВ, Кыргыз Спорт ТВ жана БАФАнын YouTube каналында жеткиликтүү болот.

Эң көп окулган жаңылыктар