18:44
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Сот Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча арызын четке какты

Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун мандатына байланыштуу жаңы ачылган жайгдайлар боюнча арызын кароо өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агентигине шаардык соттон тастыкташты.

Белгилей кетсек, 26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду мамлекеттик чыккынчылык жана алдамчылык беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок эскирүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ал бошотулган. Бирок баш коргоо чарасы өзгөртүлбөгөндүктөн, ал 26-апрелде гана СИЗОдон бошотулган.

26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткону белгилүү болду. Мындай чечимге Биринчи Май райондук сотунун өкүмү негиз болгон.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров парламенттин жетинчи чакырылышынын «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутаты болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар