USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Кыргызстанда жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу дайындалды

10:38, 02 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Азис Сапаралиев Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына дайындоо үчүн Азис Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилди.

Эске салсак, Мелис Тургунбаев бул кызматтан өткөн аптада бошотулган. Ал Улуттук банкты жетектеген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика