Футбол боюнча Европа чемпионатында чейрек финалдын дагы бир жуптары аныкталды. Алар Франция менен Португалиянын командалары болушту.
Франция курамасы 1/8 финалда атаандашынын автоголунун аркасында 1:0 эсебинде жеңишке жетип, Бельгияны мелдештен чыгарды.
Португалия Словенияны пенальтилер сериясында гана жеңе алды.
Эске салсак, Килиан Мбаппе Францияда, ал эми Криштиану Роналду Португалияда ойнойт. Алар 5-июлдан 6-июлга караган түнү боло турган 1/4 беттеште ойношот.
Буга чейин төмөнкү чейрек финалдык жуптар аныкталган: Испания — Германия жана Англия — Швейцария. Кийинки этапта калган катышуучулар Румыния — Голландия жана Австрия — Түркия беттештеринде аныкталат.
Евро-2024 Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Чемпиондук наамы бош, анткени былтыркы кубоктун ээси Италия 1/8 финалда четтетилген.