17:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Монголиянын Интерполунда издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу Бишкекте кармалды

Баңгизатын мыйзамсыз жасап, сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Интерпол бюросу монгол кесиптештери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжада Бишкек шаарынан 41 жаштагы Г.У. 2022-жылдан бери баңги жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу жана даярдоо боюнча издөөдө жүргөн.

2022-2023-жылдары эркек киши үй-бүлөсү менен Түркияда жашап, ал жерде эл аралык экспресс сервистин кызматынан пайдаланып, кристаллдык метамфетаминди Стамбулдан Улан-Баторго ташууну уюштурган.

Ички иштер министрлиги
Фото Ички иштер министрлиги. Кармалуучу

Монголиянын Улуттук полиция агенттигинин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмү шектүүгө байланыштуу 100дөн ашык баңги затын таратуу фактысын аныктады. Колдо болгон маалыматтарга караганда, ал адам Кыргызстанга баңгизаттарды таратуу каналдарын түзүү үчүн келген.

Издөөдө жүргөн жаран Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген, КР компетенттүү органдары экстрадициялоо маселелерин чечет;

Эң көп окулган жаңылыктар