Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Темир-Канат айылында 40 орундуу бала бакчанын курулушун «Кумтөр Голд Компани» каржылады. Бул тууралуу компания билдирди.
Ачылыш аземинде «Кумтөр Голд Компанинин» президенти Алмазбек Барыктабасов мектепке чейинки жана мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Жаңы бала бакча — бул ар бир үй-бүлө үчүн маанилүү жана жагымдуу окуя. Анын ачылышы менен балдар тезирээк аралашып, мектепке даярдана алышат, бул алардын ийгиликтүү келечеги үчүн өтө маанилүү. Өлкө калкынын басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашаарын эске алып, республикадагы эң ири өнөр жай ишканасы болгон биздин компания мындан ары да жер-жерлерде жаңы бала бакчаларды жана билим берүү мекемелерин курууга багытталган демилгелерди колдоону уланта бермекчи», — деди ал.
Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл тургундарынын өтүнүчү менен бала бакчаны жабдыктар, эмеректер жана башка керектүү шаймандар менен жабдуу да компания тарабынан каржыланды.
«Кумтөр Голд Компани» ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү тармагында туруктуу негизде жардам көрсөтүп келет. Ошентип, өткөн жылы компания Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы билим берүү мекемелерине персоналдык компьютерлерди, интерактивдүү доскаларды жана проекторлорду сатып алууну каржылады.
Мындан тышкары, Түп районунун администрациясына жана Орозов атындагы Түп балдар музыкалык мектебине музыкалык аппаратура жана инструменттер, № 1 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучулары үчүн жаңы усулдук-дидактикалык колдонмолор, балдар китептери жана окуу оюнчуктары алынды.
Мындан тышкары, Түп районунун администрациясына жана Орозов атындагы Түп балдар музыкалык мектебине музыкалык аппаратура жана инструменттер, №1 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучулары үчүн жаңы усулдук-дидактикалык колдонмолор, балдар китептери жана окуу оюнчуктары алынды.