20:31
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ЕККУнун төрагасы Иан Борча Бишкекке келди. Өлкө жетекчилиги менен жолугушат

Бүгүн, 26-июнда ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борч Кыргызстанга сапар менен келди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. ЕККУнун төрагасы Ян Борча

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сапар учурунда Иан Борч Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен жолугушат.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле Мальтанын төрагалыгынын күн тартибиндеги учурдагы маселелерди талкуулашат.

Эң көп окулган жаңылыктар