USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Эртең Европа коопсуздук келишим уюмунун төрагасы Бишкекке келет

11:43, 26 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 27-июнда Европа коопсуздук келишим уюмунун төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борч Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сапар учурунда Иан Борч президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен жолугушат.

Тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле Мальта төрагалыгынын күн тартибиндеги учурдагы маселелерди талкуулашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18