04:32
USD 85.80
EUR 93.14
RUB 0.88

Кадырбеков: «Телефонду мектептерде эле эмес, кеңселерде да тыюу салуу керек»

Уюлдук телефондорду мектептерде гана колдонууга тыюу салабыз, кеңселерде да чектөө киргизишибиз керек. Мындай пикирин бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, кээ бир жумушчулар эртеден кечке телефондо отуруп ойношот.

«Бул алардын натыйжасыз иштешин билдирет. Мындай кызматкерлерди каалаган мекемеден, министрликтен, ведомстводон табасыз. Мисалы, Жапонияда жубайлар жумуш убагында чалып, билдирүүлөр менен бири-бирин убара кылышпайт», — деп белгиледи Нуржигит Кадырбеков.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары «Жалпы билим берүү уюмунда мобилдик аппаратты колдонууну жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Анын максаттары — окуу процессинде мобилдик түзүлүштөрдү колдонууну жөнгө салуу жана коопсуз, этикалык билим берүү чөйрөсүн түзүү; санариптик сабаттуулук көндүмдөрүн жана мобилдик түзүлүштөрдү жана маалыматтык технологияларды аң-сезимдүү колдонууга үйрөтүү; жаңы чакырыктарды жана технологияларды эске алуу менен жаш муундарды коомдун натыйжалуу өнүгүүсүнө даярдоо болуп саналат.