16:58
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстан менен Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу маселесин талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук районуна болгон иш сапарынын алкагында Үрүмчү шаарында Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн башчылары буга чейин белгилеген мамлекеттер аралык кызматташуунун күн тартибинде турган үч келечектүү инфраструктуралык долбоор тууралуу кенен баарлашты. Адегенде Камбар-Ата-1 ГЭСинин, ошондой эле Чаткал дарыясына ГЭСин куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары ошондой эле Талас-Чаткал-Ташкент унаа жолун куруу долбоорун сүйлөштү. Учурда Жол картасы иштелүүдө, долбоор ишке ашырылса өз ара соода жүгүртүү жогорулап, эки өлкөнүн туристтик потенциалы жакшыраарын белгилешти.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн Өкмөт башчылары Кыргызстандан Өзбекстанга көмүр жеткирүү багытын көздөгөн ленталык конвейерди жана көмүр логистикалык борборун куруу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүүнү сүйлөштү.

Тараптар жогорудагы инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү боюнча практикалык чараларды көрүү эки өлкө ортосундагы бир туугандык стратегиялык мамилелерди бекемдээрин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар
10-октябрь, бейшемби