Кыргызстанда чыгармачылык союздар жөнүндө биринчи мыйзамды кабыл алууну суранышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ыйман нуру» фракциясынын жыйынында Республиканын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө беш кесиптик чыгармачыл бирикме иштеп жатат. Бул театр ишмерлеринин, композиторлордун, кино, сүрөт жана жазуучулардын союздары болуп саналат.
«Биз биринчи мыйзамдын долбоорун иштеп чыктык, анда Маданият министрлиги менен иштөө механизмдери аныкталган. 15 беренеден турат. Маданият министрлиги аркылуу мамлекеттен бөлүнгөн акчаны пайдалануу моделин да киргиздик. Мыйзам кабыл алынгандан кийин беш кесиптик чыгармачыл бирикмелерди комплекстүү өнүктүрүү программасын иштеп чыгат», — дейт Каныбек Иманалиев.
Ал парламент депутаттарынан жана президенттен мыйзам долбоорун кабыл алууну суранды.
Белгилей кетсек, фракция жыйыны Кыргызстан Жазуучулар союзунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган.