Энергетика министри Таалайбек Ибраев Орто-Токой ГЭСинин курулушун баштоого болгон даярдык иштери менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү жетекчилерге ГЭСти куруу иштерин баштоо аземин тез арада өткөрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Ибраев Балыкчы шаарында барып, күндөн кубаттуулук алуучу панелдердин убактылуу сакталып жаткан кампасына барып, жеринде таанышты.
Эскерте кетсек, буга чейин Орто-Токой суу сактагычында ГЭСти куруу боюнча «Чакан ГЭС» ААКга министрлер кабинети тарабынан тапшырма берилген.
ГЭСти олук куруу мөөнөтү 3 жылды түзөт, жалпы кубаттулугу 21 МВт болот. Энергетика министри негизги куруу иштерин бир жума аралыгында баштоону тапшырды