USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Бишкектеги борбордук стадион реконструкциядан кийин кандай болот?

13:35, 21 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун реконструкциясынын талкуусуна арналган жыйын өттү.

Маалыматка ылайык, жыйынга КФБ президенти Камчыбек Ташиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министиринин орун басары Айбек Абдымомунов, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жана Жеңил атлетика боюнча федерациясынын өкүлдөрүнүн катышты.

Жыйында реконструкция маселелери каралып, стадиондун эскиздик долбоору сунушталды.

Эске салсак, борбордук стадион июнь айынын башында оңдоо иштерине жабылган.

Реконструкцияны 2024-жылдын сентябрында бүтүрүү пландалууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика