Бишкек мэриясы троллейбустардын санын азайтып, чоң айланпа багытын гана калтырат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Шаар башчысы депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө маалымат берди.
"Бүгүнкү күндө троллейбустук линиялардын жалпы узундугу 210 чакырым түзүп, анын 70 пайызынын эксплуатациялоо мөөнөтүнөн өтүп кетти. Бул линиянарды алмаштырганга көп каражат кетет, троллейбустун бир метр чубалгысынын баасы 8 доллар турат. Ошондуктан троллейбустардын санын азайтып, шаарда чоң айлампа троллейбустун линияларын калтырабыз (Айтматов, Ахунбаева, Курманжан датка, Жибек-Жолу). Калган жолдордон бардык линияларды жана опороларды демонтаж кылып, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгыларын жер алды менен койо беребиз. Жыйынтыгында көчөлөрдө самсаалап илинген чубалгылар алынат",-деди калаа башчысы.
Ал эми экологиялык чөйрөнү сактоо максатында келечекте электроавтобустарды машруттарга киргизилет.