Баткен облусунда талааларды зыянкеч чегирткелер каптады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, изилдөө иш-чараларынын негизинде 16100 гектар жерден зыянкеч марокко чегирткеси аныкталган. Учурда талааларды дарылоо иштери жүрүүдө.
Бул иштер Баткен районунун Рават, Кадамжай шаарынын Сары-Талаа, Кара-Жантак, Лейлек районун Кулуңду, Жаңы-Жер, Тогуз-Булак, Башкент айыл аймактарында аткарылды.
«Бүгүнкү күнгө карата 15 150 гектар жерге дары себилди. Натыйжада эгин талаалары зыянкечтерден сакталды», — деп айтылат маалыматта.