Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго шайлоо процессинин жүрүшүндө шайлоочулардын катышуусунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында каралып жаткан модернизацияланган идентификациялык жабдуулар, электрондук жана аралыктан добуш берүү системалары көрсөтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, бүгүнкү күндө шайлоо жабдууларын жана шайлоону электрондук башкаруу программаларын жаңылоо жана өркүндөтүү боюнча уюштуруу жана даярдык иштери башталды. Жаңы технология көп компоненттүү идентификациялык жабдууларды алмаштырууга мүмкүндүк берет.
Анын айтымында, бул жабдуулар көп компоненттүү идентификациялык жабдууларды алмаштырат. Бул ыкма 2023-жылдын апрель жана октябрь айларында сыналган, атап айтканда, электрондук жана аралыктан добуш берүү жүргүзүлгөн.
Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров идентификациялык жабдууларды, электрондук жана аралыктан добуш берүү системасын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул шайлоо процессинин сапатын камсыз кылат, ошондой эле жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин кошумчалады.