Эртең, 14-июнда саат 10:00-20:00 аралыгында Ахунбаев — Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу унаа кыймылы үчүн жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда.