12:29
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстандын футбол курамасынын машыктыруучусу Штефан Таркович кызматынан кетти

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович келишими аяктаганына байланыштуу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Штефан Тарковичтин Кыргыз футбол биримдиги менен келишими 2024-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. Мындан улам КФС жетекчилиги, словакиялык адис менен контрактын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматташууну токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды. Башкы машыктыруучу менен бирге улуттук курама командадан анын машыктыруучулук штабы толугу менен кетти.

Бүгүн, 13-июнда КФБ президенти Камчыбек Ташиев Штефан Таркович жетектеген машыктыруучулар штабынын бардык мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө биримдиктин жетекчиси кабыл алынган чечимди жеткирип, ошондой эле жеке өзүнүн жана өлкөнүн футбол коомчулугунун атынан, адистин натыйжалуу ишмердүүлүгү жана команданын жетишкендиктери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Биримдиктен билдиришкендей, КР улуттук курама командасы 2027-жылкы Азия кубогунун жана 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо баскычын жыйынтыктап, мөөнөттөн мурда Азия биринчилигине жолдомо алып, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына чыгуу үчүн күрөштү улантуу мүмкүнчүлүгүн камсыздады.

Мындай ийгилик футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу-словакиялык адис Штефан Таркович жетектеген футболчулардын аракеттеринин аркасында мүмкүн болду.

Эң көп окулган жаңылыктар