Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасынын дарбазачысы Бекболот Акматалиев ирандык «Фулад Хормозган» клубунун оюнчусу болду. Бул тууралуу аталган спорт ассоциациясынын социалдык тармактарында жазылууда.
Клуб Хормозган провинциясынын Бандар Аббас шаарында жайгашкан жана Ирандын Суперлигасынын мүчөсү болуп саналат.
Эске сала кетсек, Бекболот Акматалиев өткөн сезонду ОшМУнун курамында өткөргөн.