09:36
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

«Акыркы коңгуроо» : Окуучулардын коопсуздугун 4 миңден ашык милиция камсыздайт

«Акыркы коңгуроо» салтанатында мектеп окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрлик айрыкча ата-энелерди балдарынын коопсуздугун көзөмөлгө алып, бүтүрүүчүлөргө унаа башкартпоого чакырды.

Эске салсак, мектептерде «Акыркы коңгуроо» 25-майда кагылат. Быйыл 11-классты 73 миң окуучу аяктайт.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Акыркы коңгуроо

Эң көп окулган жаңылыктар