16:38
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Айыл чарба техникаларынын тетиктерин мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Баткенде айыл чарба техникасы үчүн тетиктерди мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунунда Ю.М.У. аттуу жарандын Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Кароо жүргүзүүдө жалпы салмагы 973,25 килограмм болгон айыл чарба техникасынын жана жеңил унаалардын тетиктери табылган. Эч кандай жүк коштоочу документтери болгон эмес. Кармалган товардын орточо базар баасы 378 миң 870 сомду түздү.

Ушундай эле факт М.А.К. аттуу жарандын Toyota Previa үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда аныкталган.

Жалпы салмагы 1 миң 479 килограмм болгон айыл чарба техникасынын тетиктери Өзбекстандан чыгарылган. Жүк коштоочу документтери болгон эмес. Кармалган товардын орточо базар баасы 446 миң 800 сомду түздү.

Чогултулган материалдар юридикалык баа берүү жана караштуулугу боюнча өткөрүп берүү үчүн Баткен облусунун прокуратурасына берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-декабрь, дүйшөмбү