16:31
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бажы кызматы: 2 миллион сомдон ашык экспорттук алымдар төлөнгөн эмес

Бажы кызматы 2 миллион сомдон ашык экспорттук алымдар төлөнбөгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-июнунан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге өкмөттүн 2016-жылдын 16-майындагы № 254 «Бодо малдын жана жылкынын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга экспорттук бажы алымдарынын чендерин бекитүү жөнүндө» токтомунун аткарылышы боюнча бажы декларацияларын талдоо жана мониторинг жүргүзүү учурунда экспорттук бажы алымдарын төлөбөй коюу тобокелдиктери аныкталган.

Экспорттук алымдардын төлөнбөгөндүгү төмөнкү фактылар боюнча аныкталган:

  • 5-ноябрь 2019-жыл, «К» ЖЧК, салмагы — 16 миң 997 килограмм, экспорттук алым — 264 миң 927 сом;
  • 20-июль 2020-жыл, «А.Л.» ЖЧК, салмагы — 21 миң килограмм, экспорттук алым — 371 миң 847 сом;
  • 8-май 2021-жыл, «Т.» ЖЧК, салмагы — 25 миң килограмм, экспорттук алым — 512 миң 322 сом;
  • 20-май 2021-жыл, «Т.» ЖЧК, салмагы — 25 миң килограмм, экспорттук алым — 512 миң 322 сом;
  • 31-май 2021-жыл «Т.» ЖЧК, салмагы — 25 миң килограмм, экспорттук алым — 512 миң 322 сом.

Беш факт боюнча төлөнбөгөн экспорттук бажы алымдарынын жалпы суммасы 2 миллион 70 миң 49 сомду түздү. Чогултулган материалдар тиешелүү органдарга бажы алымдарын өндүрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-декабрь, дүйшөмбү