11:56
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

2023-жылы Кыргызстанга 925,5 миллион сомго сыра импорттолгон

2023-жылы Кыргызстанга 10 миллион 736 миң 590,4 литр сыра импорттолгон. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 19,33 пайызга аз. Жеткирилген товарлардын жалпы суммасы 925 миллион 561,3 миң сомду түзгөн. Маалыматтар Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланган.

Көрсөтүлгөндөй, Орусиядан 6 миллион 569 миң 258 литр сыра алынып келинген. Жеткирүү боюнча экинчи орунда Казакстан турат. Бул өлкөдөн 3 миллион 383 миң 665,1 миң литр сыра 243 миллион 731,2 миң сомго ташылып келинген.

Ошондой эле анча чоң эмес көлөмдөгү жеткирүүлөр Мексикадан (254 миң 594,7 литр 48 миллион 392,1 миң сомго), Грузиядан (227 миң 435,5 литр 33 миллион 232,6 миң сомго), Германиядан (83 миң 930 литр 10 миллион 388,5 миң сомго), Литвадан (76 миң 388,8 литр 6 миллион 364 миң сомго), Латвиядан (54 миң 871,9 литр 8 миллион 229,6 миң сомго), Бельгиядан (28 миң 710,4 литр 5 миллион 426 миң сомго), Чехиядан (28 миң 638,8 литр 2 миллион 875,4 миң сомго), Беларустан (14 миң 473 литр 1 миллион 27,3 миң сомго), Испаниядан (12 миң 765,6 литр 1 миллион 649,3 миң сомго) дагы келген.

Мындан тышкары, Ирландиядан (844,8 литр 137 миң сомго), Нидерланддан (514,8 литр 189,4 миң сомго), Улуу Британиядан (364,3 литр 135,5 миң сомго), Швециядан (110,9 литр 33,6 миң сомго) жана Франциядан (23,8 литр 6 миң сомго) да жеткирүүлөр болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар