Бишкекте милиция кызматкерлери 2005-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн 48 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Бүгүн, 30-апрелде Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан киши өлтүрүү жана каракчылык беренелери боюнча издөөдө жүргөн адам кармалды», — деп белгиледи мекеме.
Учурда тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.