01:30
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кара-Суудагы жеке бажы терминалы жер тилкелери менен мамлекетке өттү

«Мегакомпани» ЖЧКсына таандык бажы терминалы жер тилкелери менен бирге мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат социалдык тармактарда Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында жайгашкан, буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтобүбү Оргалчага таандык болгон бажы терминалы тууралуу видео тасмалар тарап жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу УКМК март айында «Мегакомпани» ЖЧКсынын ишинин жана жер тилкесин алуунун мыйзамдуулугун текшерген.

«Терминал Талдык дарыясынын жээгиндеги сууну коргоочу аймакка уруксат документтери жок курулгандыгы аныкталды.Ал эми ижара келишиминин шарттарына ылайык, ижарачы алынган аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү менен алектениши керек болгон, бирок ал иштер аткарылган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Жалпы аянты 7,49 гектар жер тилкеси Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Бажы инфраструктурасы» ишканасынын балансына өткөрүлдү. Жер тилкелеринин болжолдуу баасы 520 миллион сомдон ашат. Учурда терминалдын өзүнүн мүлкүн өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат, алдын ала эсептөөлөр боюнча анын баасы кошумча 54 миллион сомду түзөт.

УКМК аталган жер тилкесин «Мегакомпани» ЖЧКсы пайдаланган учурда бюджетке салыктык чегерүүлөр түрүндө гана аз өлчөмдө сумма түшүп турганын, ал эми жер тилкеси мамлекетке өткөндөн кийин 22 миллион 188 миң 500 сом түшкөнүн кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар