12:01
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстан менен Google билим берүү тармагында меморандумга кол коюшту

Министрлер кабинети менен Google корпорациясы билим берүү тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Документке кол коюу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Вашингтон шаарына (АКШ) болгон жумушчу сапарынын алкагында болду.

«Биз аймактагы Google Education менен кызматташкан биринчи өлкө болгонубуз менен сыймыктанабыз жана мугалимдерибизге жана мектеп окуучуларына эң алдыңкы билимдерди өздөштүрүүгө жардам бере турган эң алдыңкы иштеп чыгууларды Кыргызстандын бардык мектептеринде колдонобуз. Билим берүү тармагында Google менен кызматташуубуз биринчи кадам гана болушу керек. Биздин командалар булуттук ресурстарды өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жасалма интеллект программаларын иштеп чыгуу жаатында иш алып барууда», — деди Акылбек Жапаров.

Google компаниясынын өкмөт менен байланыш жана коомдук саясат боюнча вице-президенти Марк Исаков мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

«Сиздин өлкөңүздүн билим берүү тармагындагы келечекке болгон көз карашыңыз биздин көз карашыбызга дал келгенине жана бул көз карашты ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен өнөктөш болгонубузга кубанычтабыз. Сиз Кыргызстанда адамдык капиталды түзүүгө умтулуп жатканыңызды билебиз жана биз бул аракеттерди колдогубуз келет», — деди ал.

Google мектептик билим берүү системасын трансформациялоо үчүн «Алтын Казык» программасын колдоого алат жана окуу процессинде бул куралдарды ишке ашырууга жана практикалык колдонууга оптималдуу жана келечектүү ыкмаларды тандоодо эксперттик жардам көрсөтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар