15:07
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Адам органдарын сатуу менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

УКМК адам органдарын мыйзамсыз сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирди.

Маалыматка ылайык, адам органдарын чет өлкөгө сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттери аныкталды. Алар чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды издешкен. Андан ары Кыргызстандын аймагында жалданган адамдар акчалай сыйлык үчүн донорлорду таап, аларды ички органдарын алдоо жолу менен берүүгө азгырышкан.

«Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек болгон, бирок организмдин абалына карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Мындан тышкары уюштуруучулар коррупциялык жолдор аркылуу операция жасалуучу клиникага тапшыруу үчүн бейтап менен болгон мамилеси тууралуу жасалма документтерди жасашып, чет өлкөгө чыгып турушкан», — деп айтылат маалыматта.

Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен 1 миң доллардан 7 миң долларга чейин, жалданма адамдар ар бир жиберилген донор үчүн 3 миң долларга чейин алышкан. Акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна — 30 миң доллардан 70 миң долларына чейин түшүп турган.

Шектүүлөр кезектеги донорду чет өлкөгө жөнөтүү учурунда «Манас» аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар