15:15
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акын Элмирбек Иманалиевге «Эмгек баатыры» наамы ыйгарылды

Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиевге «Эмгек баатыры» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Манас» улуттук театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Театрдын директору Азиз Биймырза «Даңк» медалы менен сыйланды, манасчы Рысбай Исаковго «Эл артисти», ал эми төкмө акын Баян Акматовго «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылды.

Акын Изат Айдаркулова жана манасчы Улугбек Токтоболот уулу ардак грамотасы менен сыйланды.

Эске салсак, белгилүү акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 42 жашында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн өткөн.

Анын ысымы «Манас» улуттук театрынын алдындагы төкмө акындар мектебине берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар