19:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

FIFPRO кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаевага атайын сыйлык ыйгарды

Дүйнөлүк Кесипкөй футболчулар ассоциациясы (FIFPRO) кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаевага «Баатыр» (FIFPRO Hero) деген атайын сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды.

Оторбаева Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын 2020-жылдагы сыйлыгына талапкерлердин бири катары көрсөтүлгөн. Ассоциация 18-февралда талапкерлердин арасынан жеңүүчүлөрдү тандап, «Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык» («Merit Award») сыйлыгына илинбей калган кыргызстандык футболчуга өзгөчө наам ыйгарышты.

FIFPROнун сайтында спортчу кыздын Кыргызстанда пандемия күчөп турган маалда ыктыярчылардын тобун түзүп, өмүрүн тобокелге салып, элге жардам берген каармандыгы айтылган. Тандоо комиссиясы анын каармандыгы өзгөчө наамга татыктуу экенин белгилешкен.

Эң көп окулган жаңылыктар