13:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өлкө аймагында «Кыргызстандын баатыры» наамын алган 24 жаран бар

Өлкө аймагында «Кыргызстандын баатыры» наамын алган 24 жаран бар. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти этика боюнча комитетинин отурумунда маалым болду.

Депутат Мирлан Бакировдун айтымында, өмүрүндө көптөгөн көрүнүктүү иштерди жасап, өзүнүн эмгеги менен элдин сый-урматына арзыган Султан Ибраимов сындуу бир катар ири мамлекеттик ишмерлер бар. Алардын даңазалуу ысымдары эл эсинде ар дайым сакталып кала берет. Ошондон улам, мыйзамдын 18-беренесине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин сунушташты.

«Эгерде «Кыргызстандын баатыры» наамы ыйгарылган жаран иштесе, анын эмгек акысына 100 пайыз кошулат, ал эми пенсиядагы адамдарга андай жеӊилдиктер каралган эмес. Мыйзамга ылайык, бул наам өлгөн адамдарга ыйгарылбайт», -деди депутат.

Депутаттар тобу мыйзамга көзү өткөн айрым мамлекеттик ишмерлерге дагы ушул наамды ыйгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар