12:27
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда «Google-мектеби» пилоттук долбоору ишке киргизилет

Вашингтондо өтүп жаткан Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жазгы жолугушууларынын алкагында мектептеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча «Алтын казык» мамлекеттик жаңы программасынын бет ачары болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Google глобалдык корпорациясынын Вашингтондогу кеңсесинде өткөн иш-чарага Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Европа биримдигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн жана башка көптөгөн эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

Акылбек Жапаров ушул жазда Кыргызстандын президенти мектептеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча жаңы программаны ишке киргизгенин, анда адам капиталына инвестиция салуу боюнча жакынкы 10 жылга эң амбициялуу максаттар коюлганын белгиледи.

«Биздин максат — Кыргызстандын жаш балдары, улан-кыздары дүйнөлүк деңгээлдеги билимге ээ болуп, өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү. Алар ушул кылымдын ортосунда жана андан кийинки мезгилде дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Программа «Алтын казык» деп аталды, анткени адамдык капиталга инвестиция салуу биздин негизги багытыбыз. Калган бардык мамлекеттик программалар, экономиканы өнүктүрүү жана мамлекетти чыңдоо багытындагы аракеттерибиздин бардыгы адамдык өнүгүүнүн деңгээлин көтөрүү максатына кызмат кылат», — деди Акылбек Жапаров.

Ал министрлер кабинети компания менен маалыматтык технологиялар тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле Бишкектеги шаардык мектептердин биринин базасында «Google-мектеби» пилоттук долбоор катары жакында ишке киргизилерин кошумчалады.

Google компаниясынын өкмөт менен байланыш жана коомдук саясат боюнча вице-президенти Марк Исаков өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

«Премьер-министрден «Алтын казык» программасынын Кыргызстандын билим берүү тутумунун келечегине болгон көз карашын угуу жана технологияны бул көз караштын кыймылдаткыч күчү катары көрүү шыктандырды. Кыргыз өкмөтүнүн санариптик технологияларды өз элинин жыргалчылыгы үчүн колдонгон мамлекет болуу каалоосу бардыгынын колдоосуна арзыйт жана биз кызматташууга даярбыз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар