18:54
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров Вашингтондо финансы институттарынын жетекчилиги менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтондо бир катар финансы институттарынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү. Бул жөнүндө министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен жолугушту.

«Биздин өкмөт мамлекеттик каржынын натыйжалуулугун жогорулатуу, жеке секторду өнүктүрүү жана коррупция менен күрөшүү боюнча реформаларды ишке ашырууга багытталган. АӨБ менен үзгүлтүксүз, конструктивдүү диалог жана техникалык кызматташуу биздин стратегиялык максаттарыбызга жетүүгө көмөктөшөт деп ишенебиз», — деди ал.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги, Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу, ирригация тармагындагы, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы долбоорлор сыяктуу Кыргызстандын ири инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Андан кийин Акылбек Жапаров Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын президенти Цзинь Лицюнь менен жолукту.

Министрлер кабинетинин төрагасы жүргүзүлүп жаткан реформалар, салык жана бажы жол-жоболорун башкаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын, экономикалык жөнгө салуунун натыйжалуу чараларын колдонуунун, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттеринин кеңири спектрин жайылтуунун аркасында жетишилген өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку көрсөткүчтөрүнө токтолду.

Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен да жолугушуу өткөрүп, банк Кыргызстандын алдыңкы эл аралык каржы өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы «таза» энергетиканы киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар. Учурда Кыргызстан өзүнүн гидроэнергетикалык потенциалынын 13 пайызга жакынын гана пайдаланып жатат. Ошол эле учурда энергетика тармагында 1860 мегаватт кубаттуулуктагы Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу эң дымактуу жана флагмандык долбоор болуп саналат», — деп айтты жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Эл аралык каржы корпорациясынын Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Афганистан жана Пакистан боюнча вице-президенти Хела Шейкроху менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде энергетика тармагында, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу, жеке секторду колдоо боюнча долбоорлор талкууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар