23:36
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Кыргыз балбандары 14 медаль алды

Кыргызстандык спортчулар Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында 14 медаль алышты. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.

Кыргыз балбандары төрт алтын, үч күмүш жана жети коло медалга ээ болушту.

Тайырбек Жумашбек уулу, Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиону болушту.

Экинчи орунду Айаал Лазарев, Раззак Бейшекеев, Ак Жол Махмудов ээледи.

Улукбек Жолдошбеков, Алибек Османов, Арууке Кадырбек кызы, Гүлнура Таштанбекова, Улан Муратбек уулу, Бекзат Орункул уулу жана Эрлан Манатбеков коло медаль тагынышты.

Эскерте кетсек, 19-21-апрель күндөрү Бишкекте олимпиада оюндарына тандоо боюнча турнир өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар