18:10
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Бишкекте 180 миң сом пара алып жаткан жеринен тергөөчү кармалды

Опузалап пара талап кылуу фактысы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 180 миң сом пара алып жаткан жеринен тергөөчү А.Э.А. кармалды.

«Ал кылмыш иши боюнча маселени оң жагына чечүү үчүн жарандан акча талап кылып, беренени оор беренеге алмаштыруу менен коркуткан», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар