22:28
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны 8 миңден ашты

15-апрелге карата Кыргызстанда кызамык оорусунун 8 миң 209 учуру катталды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

Эксперттер мурдагыдай эле кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатканын билгилешүүдө.

«Бунун себеби — оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын арасында вирус кеңири жайылып жатат», — деп белгиледи мекеме.

 Балдар жана чоңдор арасында кызамык менен кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу — оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүп жатат. Мекеме ата-энелерди балдарын эмдетүүгө чакырат. «Балаңызды эмдетүү менен сиз аны жана анын айланасындагыларды коопсуз жана олуттуу оорудан коргойсуз», — деп белгиледи борбор.

Эң көп окулган жаңылыктар