15:20
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эл аралык валюта фондунун жетекчилиги Кыргызстанга келет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон (АКШ) шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукканын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар климаттын өзгөрүшү, энергетика жана «жашыл» экономика жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин салыктык башкарууну жакшыртуу жана санариптик технологияларды киргизүү боюнча ишинин натыйжасында акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасынын өсүшү орто эсеп менен 7 пайызды түзгөнүн белгиледи.

Ал ошондой эле республиканын учурдагы макроэкономикалык абалына токтолуп, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна өзгөчө көңүл бурду.

Акылбек Жапаров бул стратегиялык долбоордун масштабын, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу жана экономикалык өсүшү үчүн потенциалдуу дивиденддерди эске алуу менен бул эбегейсиз зор долбоорду ишке ашырууда Кыргызстан кызматташуунун ар кандай ыкмаларын карап чыгууга даяр экенин белгиледи.

Бо Ли глобалдык экономиканын учурдагы чакырыктары боюнча өзүнүн пикири менен бөлүшүп, инфляциянын тездик менен өсүшү, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жана табигый кырсыктарды белгиледи. Ал ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанга баруу пландары бар экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык артыкчылыктуу маселелер, анын ичинде бул жолугушууда талкууланган маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия аймагы боюнча директору Жихад Азур менен жолугушуу өткөрдү.

«Биздин өкмөт мамлекеттик каржынын натыйжалуулугун жогорулатуу, жеке секторду өнүктүрүү жана коррупция менен күрөшүү боюнча реформаларды ишке ашырууга багытталган. Эл аралык валюта фонду менен болгон үзгүлтүксүз конструктивдүү диалог жана техникалык кызматташуу биздин стратегиялык максаттарга жетиүүгө жардам берет деп ишенебиз. 2024-жылдын биринчи чейрегинде экономика (ИДП) болуп көрбөгөндөй 8,8 пайызга өскөнүн белгилеп кетким келет», — деди Акылбек Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар