23:10
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Дзюдо боюнча Азия кубогу. Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы байгелүү кайтты

Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы Ташкентте (Өзбекстан) өткөн дзюдо боюнча Азия кубогунда байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу социалдык тармактарда Дзюдо федерациясы билдирди.

16-17 жаштагы кыздар арасында Акмаржан Турдажиева (70 килограммдан жогору) жана Айдай Какитаева (57 килограммга чейин) күмүш медаль алышты.

Балдар арасында Эмирхан Жолдоказиев (100 килограммдан жогору) алтын медаль тагынды.

Жанар Жолдошева (52 килограммга чейин), Эржан Канатбеков (81 килограммдан жогору) жана Акмаржан Турдажиева (100 килограммдан жогору) күмүш, Милена Бөрүболотова (48 килограммга чейин) коло байгеге ээ болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар