00:32
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

«Жалда» жана «Арча-Бешик» конушунда эки күнгө муздак суу өчүрүлөт

«Жал» кичи районунда жана «Арча-Бешик» жаңы конушунда эки күнгө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-18-апрелде магистралдык суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу муздак суунун убактылуу өчүрүлүшү күтүлөт. Максаты — келечекте жашоочуларды жана ишканаларды натыйжалуу суу менен камсыздоо болуп саналат.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы


Өчүрүү 17-апрелге саат 8:00гө белгиленген.

Калктын ыңгайлуулугу үчүн эл көп чогулган жайларга убактылуу таза суу жеткирүү жана биодааратканаларды орнотуу иштери жүргүзүлөт.

 Биодааратканалар жана ичүүчү суу менен камсыздоо пункттарынын жерлери жөнүндө маалыматты шилтеме аркылуу алууга болот.

«Бишкексууканал» ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды суу камдап алууну өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар